профессионалдуу, ылдам, сабаттуу

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Калык Акиев көч., 66, "Весна" Соода борбору 3-кабат, 6-кеңсе
+996 312 900929 +996 312 900880 +996 557 803880
office@alfatranslation.kg | diralfa1


Бош жумуш орундары


Ушул тапта котормочунун иши дээрлик татаал, бирок ошол эле учурда кирешелүү иш экендиги эч кимге жашыруун деле эмес. Дал ошондуктан бүгүнкү күндө бул тармактагы сабаттуу жана тажрыйбалуу адистер абдан суроо-талапка ээ. Бул кесиптин кыйла артыкчылыктары бар. Биринчи кезекте сиз текстти которгондугуңуз үчүн мыкты гонорар аласыз. Андан тышкары котормочу тапшырык берүүчүнү ишкер сүйлөшүүлөрдүн учурунда көп учурда коштоп жүрүүгө милдеттүү, демек, сизде чет өлкөгө үзгүлтүксүз чыгып турууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Сиз пайдалануу боюнча нускама, буклеттер, баракчалар сыяктуу  татаал эмес тексттерди которууга жана көп сандаган бейтааныш адамдар менен пикир алышууга даярсызбы? Эгерде Сиз өзүңүздүн күчүңүзгө ишенсеңиз жана немис, испан, кытай, түрк жана башка тилдерден кыргыз, орус жана башка тилдерге которо алсаңыз анда биздин бош орундарды карап чыгууга шашылыңыз.

 

 «AlfaTranslation» агенттиги биздин компаниянын тажрыйбалуу кесипкөйлөрүнүн арасында котормочунун карьерасын баштоого мүмкүнчүлүк берет. Өзүңүздүн резюмеңизди ар кандай котормо агенттиктерине жөнөтөөрдөн мурда, «AlfaTranslation»  менен кызматташуу бул татыктуу айлык акы, ак пейил жамаат жана көңүлдүү иштин синоними экендигин эстен чыгарбаңыз. Ошентип эми жыйынтыктайбыз, сиз тиешелүү билимдерге ээсиз, өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүздү аң-сезимдүү баалайсыз, дайыма үйрөнүүгө даярсыз жана тил котормосун кыйналбастан жасай аласыз? Анда бизге өзүңүздүн резюмеңизди жөнөтүңүз жана кечиктирбеңиз, анткени бош орундардын саны чектелген.   

 

Эсиңизде болсун, кызыл диплом жана чет тилдерде эркин сүйлөй билүү тексттин котормосу сабаттуу боло тургандыгына кепилдик бербейт. Бул тажрыйба, кылдаттык, чыдамкайлык жана кеңири билимдерди талап кылган оор иш.  

 

 alfatranslation.kg@gmail.com