профессионалдуу, ылдам, сабаттуу

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Калык Акиев көч., 66, "Весна" Соода борбору 3-кабат, 6-кеңсе
+996 312 900929 +996 312 900880 +996 557 803880
office@alfatranslation.kg | diralfa1


Артыкчылыктар


"Alfa Translation" котормолор бюросу – эң эле жогорку кесиптик деңгээлдеги котормо кызматтарынын бүтүндөй тармагын көрсөтүүчү эл аралык лингвистикалык борбор. Компаниянын штаты кесипкөй менеджер курамынан тышкары Кыргызстанда, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөнүн ар кандай өлкөлөрүндө жашап жаткан мыкты котормочулар жана редакторлордон турат. Тапшырык берүүчүнүн каалоосу боюнча котормо максаттуу тилдин өкүлү тарабынан аткарылышы мүмкүн. Көп сандагана ири корпорациялар, банктар, эл аралык коомдук жана өкмөттүк уюмдар  "Alfa Translation" котормолор бюросун тандашты!

"Alfa Translation" котормолор бюросу – универсалдуу чечим.

Кыска мөөнөт ичинже максималдуу так жана кесипкөй котормону камсыздаган котормолор бюросун тандагыла. Заманбап рынок эң татаал тапшырмаларды динамикалык жана комплекстүү чечүүнү талап кылат. Сизге техникалык же корпоративдик документациянын чоң көлөмүн шашылыш которуу зарыл – бизде Сиздин тапшырыкты аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстардын бардыгы бар. Которулган китепчени кесипкөй дизайнерлер аткаруусун кааласаңыз – биз муну жасайбыз. Которууну нотариалдык күбөлөндүрүү, апостиль же консулдан мыйзамдаштыруу зарыл болсо – бизге кайрылыңыз. Балким сиз оозеки сүйлөшүүлөр же узак мөөнөттүү вахталар үчүн кесипкөй котормочуларды издеп жаткан болсоңуз – БИЗ СИЗДИ КҮТӨБҮЗ!


"Alfa Translation" котормолор бюросу – тил өкүлдөрүнүн котормосу.

"Alfa Translation" котормолор бюросу  Москва жана аймактарда өзүнө жазуу жүзүндөгү жана оозеки котормо, документтерди мыйзамдаштыруу жана нотариалдык күбөлөндүрүү, ошондой эле программалык камсыздоону локализациялоо жана документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү, кадр артындагы котормо, мөөр жана китептердин нускалап чыгаруу ж.б. сыяктуу комплекстүү лингвистикалык кызматтарды көрсөтөт. Компаниянын штаты өзүнө ар кандай тил багытындагы жана тематикадагы ондогон котормочуларды жана редакторлорду, анын ичинде VIP класстагы – чет тил өкүлдөрүнөн турган котормочуларды жана редакторлорду камтыйт. "Alfa Translation" котормолор агенттигинин тажрыйбасы техникалык документациянын миң барагын, бизнес котормолорду – отчеттуулук, баланстар, түзүүчү жана башка документтер, өкмөттүк жана жогорку корпоративдик деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө оозеки котормочуларды берүүнү камтыйт. "Alfa Translation" котормолор бюросу туруктуу кардарларга кыйла артыкчылыктарга жана котормо тапшырмаларын комплекстүү чечүүнү камсыздоочу кызматташуунун пайдалуу программаларын сунуштайт.


"Alfa Translation" – Алматыдагы котормолор бюросу.

"Alfa Translation" котормолор бюросунун борбордук кеңсеси Алматынын борборунда жайгашкан. Компанияны жана анын бардык филиалдарын башкаруу дал ушул жерден ишке ашырылат. Штаттын негизги курамы болгон компаниянын кесипкөй котормочулары жана редакторлору бүткүл дүйнө жүзүндө - Кыргызстан, Европа, Британия, АКШ, Азия өлкөлөрү ж.б. жайгашкан филиалдарда иштешет. Мунун жардамы менен "Alfa Translation" котормолор бюросу максаттуу тилдердин өкүлдөрү тарабынан котормону ишке ашыруу менен өзүнүн кардарларын сутка боюу тейлейт.


Бизнес котормолор бюросу – кесипкөй кызматтар.

"Alfa Translation" котормолор бизнес борбору – документацияларды чет тилдерге которуу.  "Alfa Translation" котормолор борборунун кызматтарынан Москванын ири компанияларынын өкүлдөрү жана жеке адамдар пайдаланышат. Уюмдар жана фирмалар үчүн көп учурда ишкер документацияны, юридикалык документтерди, нотариалдык котормолорду англис жана башка тилдерден которуу, техникалык тексттерди орус тилине которуу талап кылынат. Жеке адамдар үчүн котормолор агенттигинин кызматтары жеке документтерди которууда турат.  Котормолор бюросунун кызматтары көптөгөн адамдарга керек, бирок сапаттуу кызматтар керек.

"Alfa Translation" котормо агенттиги ар кандай тилдер багытындагы жазуу жана оозеки котормо кызматтарын сунуштайт.  Компаниянын штатын оптималдуу мөөнөттөрдө англис жана башка тилдерден кесипкөй котормону ишке ашырган квалификациялуу лингвисттер түзөт. "Alfa Translation" котормо агенттиги  кызматтарынан ири эл аралык компаниялар пайдаланган бизнес котормолордун заманбап борбору болуп саналат.

"Alfa Translation" котормолор бюросу – бири-бирибизди түшүнүүгө жардам беребиз!

 

Сабаттуу кесипкөй котормо бизнестин ийгилигине таасирин тийгизе тургандыгын эсиңиздерден чыгарбагыла.  Андагы ар бир сөз так жана түшүнүктүү болууга тийиш. "Alfa Translation" котормолор борбору – өзүнүн бизнесинин кадыр-баркы жана келечектерине кам көргөндөр үчүн оптималдуу чечим. "Alfa Translation" котормолор борборуна кайрылуу менен сиздин тапшырык жогорку деңгээлде жана так мөөнөтүндө аткарыла тургандыгына бекем ишенсеңиз болот!